​Тогуз жашында чемпион болду (видео)

​Тогуз жашында чемпион болду (видео)
17-Янв. 2018, Шаршемби, 13:37

Самара шаарындагы 9 жаштагы Валерия Кондратьева Орусиянын бильярд боюнча чемпиону болду. Ал 4-11-январда Воронеж шаарында өткөн орус бильярд боюнча чемпиондугуна катышкан. Бир жума боюнча созулган мелдеште Валерия 13 жашка чейинки кыздар биринчилигинде чемпион болду. Бул орус бильярд тарыхында эң жаш чемпион катарында катталды. Валерия Кондратьева 6 жашынан бери бильярд спорту менен машыгып, бир топ ийгиликтерди багынткан. Жаш спортчуну атасы машыктырып келет. Атасы Роман Кондратьев “ -Лера эң оор,татаал баскычтардан өттү. Айрыкча финалга караганда жарым финал ушунчалык татаал болду” деп айтты.

Орусиянын эң жаш чемпиону окуу менен биргеликте жумасына үч жолу машыгып турат. Мындан тышкары Валерия Кондратьева шахмат менен да машыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!