Анна Курникова эгиздерди көргөздү (фото)

Анна Курникова эгиздерди көргөздү (фото)
17-Янв. 2018, Шаршемби, 14:25

Мурдагы дүйнөнүн биринчи теннисчиси Анна Курникова жана атактуу испаниялык ырчы Энрике Иглесиас балдарын Instagram баракчасына чыгарышты. Атактуу эки жаш декабрь айында эгиз балалуу болушкан жана аттарын Николас , Люси койушкан.

Маалыматтарга караганда жуптар балалуу болоорун төрөлгөнгө чейин жашырып жүрүшкөн. 36 жаштагы атактуу теннисчи соңку сүрөтү 2016-жылы ноябрь айында чыккан. Испаниялык ырчы Энрике Иглесиас менен дүйнөнүн биринчи теннисчиси Анна Курникованын мамилеси 2001-жылдан бери уланып келатат. Алардын баш кошкондугу тууралуу маалыматтар ЖМК байма-бай жарыяланып келет бирок жуптар үйлөнүү пландарында жок экендигин айтып келишүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек Анна Курникова - мурдагы жуптар рейтинги боюнча дүйнөдөгү биринчи теннисчи. Жалгыз рейтинги боюнча дүйнөнүн 8- теннисчиси. Курникова 16 титулдук жеңишке ээ болгон. Австралиянын ачык чемпионатын эки жолу багындырган. Жалгыз рейтинг боюнча Уимблдондун жарым финалына жеткен. Ал эми 2003-жылдан бери атактуу теннисчи Аялдардын теннис бирлигинин (WTA) мелдештерине катышпай келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!