​Бийчилер катуу тирешүүдө

​Бийчилер катуу тирешүүдө
19-Янв. 2018, Жума, 14:44

Москва шаарында 17-январда башталган көркөм муз тебүү боюнча Европа чемпионаты уланууда. Анда кыска программа боюнча 15 жашында Алина Загитова дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Орусиянын жалгыздап көркөм муз тебүү боюнча жылдызы Евгения Медведеваны жеңип, биринчиликти камсыз кылды. Ал эми экинчи орунду Евгения Медведева алды.

15 жаштагы жаңы жылдыздын аткарган бийин калыстар тобу 80,27 упай менен баалашты. Бул учурда көркөм муз тебүү талаасында рекорд болуп саналат. Ал эми дүйнөнүн эки жолку чемпиону Евгения Медведева 78,57 упай , үчүнчү орунду италиялык бийчи Каролина Костнер 78,30 упай менен камсыз кылды. Төртүнчү орунда кайра эле орусиялык Мария Сотскова 68,70 упай менен келатат.

Эсиңиздерге сала кетсек бул чемпионаттын жыйынтыгы көркөм муз тебүү боюнча кышкы олимпиадага Орусиянын атынан кимдин катышаарын аныктайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!