​Криштиану Роналду башынан жараланды

​Криштиану Роналду башынан жараланды
22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 12:12

«Реа́л Мадри́д» футбол клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду бүгүнкү «Депортиво» менен болгон футбол беттешүүсүндө жыгылып, башынан жарат алды. Оюндун 27 мүнөттүндө атактуу футбол талаасынан кетти. Учурда дарыгерлер жаратын карап жатышат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реа́л Мадри́д» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келатат. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Суперкубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Өткөн айда португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын ээси болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!