​Түндүк Кореядан 22 спортчу олимпиадага катышат

​Түндүк Кореядан 22 спортчу олимпиадага катышат
24-Янв. 2018, Шаршемби, 01:42

Эл аралык олимпиада комитети (МОК) Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадага Түндүк Кореядан 22 спортчу катышаарын билдирди. Мындай чечимди Эл аралык олимпиада комитети (МОК) Лозанна шаарында өткөн жыйында кабыл алды. Анда Түндүк Кореянын спортчулары үч түр боюнча мелдештерге катышат. Анда лыжа жарышы, тоо лыжа жарышы, көркөм муз тебүү жана аялдардын хоккейи боюнча катышат. Эл аралык олимпиада комитетинин(МОК) башчысы Томас Бах Түндүк Кореядан спортчулар менен кошо 24 аткаминер жана 21 журналист келээрин белгиледи.

Кышкы олимпиаданын ачылыш аземинде Түндүк жана Түштүк Корея бир желек менен чогу чыгышат. Акыркы жолу эки өлкөнүн спортчулары бир желектин астында 2006-жылы Турин кышкы олимпиада оюндарында чыгышкан.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!