​Фергюсон: “Нурмагомедовду боорго уруп, канжалатам”

​Фергюсон: “Нурмагомедовду боорго уруп, канжалатам”
25-Янв. 2018, Бейшемби, 15:05

UFCнын жеңил салмактагы убактылуу чемпиону америкалык Тони Фергюсон жакында ринге чыга турган каршылашы россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовду боорго уруп, жерде канжалап жатканын көрөөрүн айтып чыкты. Бул тууралуу мушкер “The MMA Hour” каналына билдиргенин батыштын басылмалары кабарлоодо.

Анда Тони Фергюсон “Мен соккуларды бошко кое бербейм. Адегенде каршылашымдын энергиясын түгөтөм. Бирок Хабиб мага бир да сокку ура албайт. Мен анын боорун эзип, жерде кансырап жатканын көрөм”,-деди

Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсон 7-апрелде Нью-Йорк шаарында титул үчүн беттешээрин UFCнын президенти Дэйна Уайт билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек, россиялык мушкер менен америкалык Тони Фергюсондун ортосунда 3 жолу беттешүү белгиленип, бирок кийинкиге жылдырылган. 2017-жылы 5-мартта белгиленген беттешүү Хабиб Нурмагомедов жарат алганына байланыштуу болбой калган. Экинчи жолу Тони Фергюсондун саламаттыгынан улам кийинкиге жылдырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!