​Украина дүйнө чемпионаттын байкот кылат

​Украина дүйнө чемпионаттын байкот кылат
26-Янв. 2018, Жума, 02:18

Украина футбол боюнча Орусияда өтө турган 2018-жылдагы дүйнө чемпионатын байкот кылууну көтөрүүдө. Маалыматка ылайык Украина футбол федерациялары жана фанат уюмдары менен эмки жылы Орусияда өтүүчү футбол чемпионаттын байкот кылуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин “Интерфакс-Украина” агенттигине билдирген.

Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин “Биз ар кандай федерациялар менен сүйлөшүп жатабыз. Ошондой эле ар кандай саясий маселелерди көтөрүп келген фанат уюмдары менен дагы көрүшөбүз. Алар Орусиядагы дүйнө чемпионатында өз позициябызды так билдирүүгө жардам берет”,- деп билдирген.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!