Дүйнөнүн эң кичинекей спортчусу (видео)

Дүйнөнүн эң кичинекей спортчусу (видео)
26-Янв. 2018, Жума, 12:39

Дүйнөнүн эң кичинекей спортчусу, бодибилдер менен машыккан Адитья Дев. Индиялык спортчунун боюу 88 сантиметр, салмагы 9 килограмм болгон. Анын жашоосу негизинен абдан кичинекей болгондуктан тышкы дүйнөдөн сактанып 17 жашына чейин үйдөн чыккан эмес. Ал 2009-жылы Американын “ Кутман таң” программасына катышуу менен ааламга атагы чыккан. Анда ал 4,5 килограмм оордукту көтөруп рекорд койгондугун айткан.

Ал эми 2008-жылы дүйнөнүн эң кичинекей спортчусу катарында Гиннесс рекорддор китебине кирген. Анда кичинекей бодибилдер атайын даярдалган 1,5 килограммдык оордуктарды көтөргөн. Мындан тышкары машыгуу графигинде күч оордуктарынын сырткары бий жана аэробика болгон.

Эсиңиздерге сала кетсек дүйнөнүн эң кичинекей спортчусу, Адитья Дев 23 жашында мээсине кан тамып, каза болгон. Бирок спорт тарыхында дүйнөнүн эң кичинекей спортчусу бойдон элдин эсинде сакталып калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!