Дарыгер 147 жылга соттолду

 Дарыгер 147 жылга соттолду
26-Янв. 2018, Жума, 15:33

АКШнын гимнастика боюнча улуттук курама командасынын дарыгери Ларри Нассар спортчу кыздарды зордуктоого ыдык көргөзүп жүргөнү үчүн 175 жылга кесилди. Сот 156 курмандыктын сөзүн укканын “Reuters”агентчилиги кабарлады. Алардын арасында Олимпиаданын үч жолку чемпиону Габби Дуглас, көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпиондору Эли Райсман, Маккайла Марони, Джордин Уибер, Эли Райсман жана Симона Байлз дагы бар.

Акыркы 10 ай боюу узаган териштирүүдөн кийин АКШ курама командасынын мурдагы дарыгери Ларри Нассар 60 жылга эркинен ажыратылган. Анын сот жараяны дагы уланып, сот Нессардын айбандык аракеттерине кабылган курамандыктардын көрсөтмөлөрүн жети күн бою уккан.

Дарыгер секелек спортчуларды медициналык текшерүүдөн өткөрөм деген шылтоо менен уятсыз сүрөттөрдү тартып жүргөн. Ага балдар порнографиясын жайылтуу, секелек кыздарга зордуктоого аракет кылгандыгы үчүн айыптар да тагылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!