​Атактуу футболчу чүмкөнүп качты

​Атактуу футболчу чүмкөнүп качты
27-Янв. 2018, Ишемби, 12:29

Атактуу жылдыздар элге таанылбаш үчүн ар кандай жолдорго барышат. Андай окуялардын бирөө кечээ болгон. «Реа́л Мадри́д» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду журналистерди жана ышкыбоздорун канчалык алдап качса да таанылып калды. Атактуу футболчу түнкү клубдан чыгып келаткандыгын “The Mirror” басылмасы кабарлады. Маалыматка ылайык «Реа́л Мадри́д» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду колунан келгенче оромол менен башын чүмкөсө дагы элдин көзүнөн кача алган эмес. Ал бир канча жан сакчылары менен канчалык качып унаасына түшүп кеткени менен бүгүн басма сөз беттеринде жайнады.

Эсиңиздерге сала кетсек быйылкы жылы Реал Мадриддин португалиялык футболчусу Криштиану Роналду “Алтын топ” сыйлыгын 5-жолу сыйлыгына ээ болгон. Буга чейин 32 жаштагы португалиялык футболчусу төрт жолу “Алтын топко” татыктуу болгон (2008, 2013, 2014 жана 2016-жылдар). Ал беш жолу “Алтын топ” алган "Барселонанын" чабуулчусу Леонель Месси менен теңелди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!