​Флойд Мейвезердин улуусу кармалды

​Флойд Мейвезердин улуусу кармалды
27-Янв. 2018, Ишемби, 15:00

Бир дагы жолу жеңилип көрбөгөн америкалык мушкер Флойд Мэйвезердин атасы аялын ургандыгы үчүн кармалды. Флойд Мэйвезер-улуусу, атасы жана машыктыруучу болуп келген тажрыйбалуу боксчу. 65 жаштагы мушкер 59 жашындагы аялы Марши Роббинсонду катуу сабагандыгы үчүн кармалгандыгын “Associated Press” басылмасы кабарлады. Маалыматка ылайык Флойд Мэйвезер-улуусу, унаада кетип баратып, аялы менен чатакташа кеткен. Катуу жини келген мушкер аялын рингдегидей тепкилеп,уруп окуя болгон жерден качып кеткен.

Учурда бул окуя боюнча сот иштери жүрүп жатат. Мушкерди адамга катуу кол көтөргөндүгү үчүн жарым жыл эркинен ажыратылышы мумкүн болууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!