​Месси кайрадан рекорд койду

​Месси кайрадан рекорд койду
30-Янв. 2018, Шейшемби, 11:34

Аргентина курама командасынын жана "Барселонанын" чабуулчусу Леонель Месси Испания чемпионатында рекорд койду. Ал Испания чемпионаттынын 21чи турунда жеңиш голун киргизди. Испаниянын "Барселона" жана "Алавес" футбол беттешүүсүндө 2:1 эсебинде каталониялык команда алдыга чыкты. Жеңишти Луис Суарес жана Лионель Месси камсыз кылды. Эми Аргентина курама командасынын жана "Барселонанын" чабуулчусу Леонель Мессинин эсебинде 20 гол болуп, акыркы 10 сезондо тең удаасы менен 20дан гол киргизип келатат.

Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси Лионель Месси 2016-17-жылдар ичинде 37 гол киргизип, алдыга чыккан. Эки жыл бою удаасы менен "Барселона" чабуулчусу эң алдыңкы жыйынтыктарга жетишип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!