​Мария Шарапованын сегизинчи ашыгы

​Мария Шарапованын сегизинчи ашыгы
30-Янв. 2018, Шейшемби, 12:41

Орусиялык белгилүү спортчу, дүйнөнүн мурдагы биринчи теннисчиси Мария Шарапованын жеке турмушу дайыма ышкыбоздорунун көңүл борборунда болуп келет. Жакында эле Мария Шарапованын жаңы ашыгын журналисттер жазып чыгышты. Ал британиялык атактуу бизнесмен “Paddle” аукционердик үйүнүн негиздөөчүсү Александр Гликс менен романтикалык мамиледе экендигин Daily Mail кабарлады.

Эки жаш Лос-Анджелеса аэропортунан бирликте таксиге түшүп кеткендигин сүрөтү тартылып алынган. Мындан тышкары Мария жана Александр америкалык скульптор Тома Сакстын Нью-Йорк шаарындагы студиясында болуп кайтышкан. “Paddle” аукционердик үйү дүйнөдөгү эң ири интернет-аянчасы. Алар негизинен искусство чыгармаларын сатуу жана коллекциялык иштерди жүргүзүшөт. Жаш бизнесмен Александр Гликстин байлыгы бир канча ондогон миллион фунт стерлинг катарында бааланууда.

Белгилеп кетсек, мыкты теннисчи айымдардын катарына кирген россиялык айымдын жүрөгү бош эмес. Ал жакында америкалык белгилүү жарышчы Льюис Хэмилтонго турмушка чыгары айтылып келет. Бирок ага болбой ушуга чейин атактуу спортчуну сегиз адам менен баш коштуруп жибере жасашты.

Алар испаниялык теннисчи Хуана Карлоса Ферреро (2002-жыл), орусиялык саясатчы Антон Беляков (2004-жыл), “Maroon” поп-рок тобунун ырчысы Адам Левин (2005-жыл), америкалык теннисчи Энди Роддик (2005-2006-жылдар), NBC каналынын продюсери Чарльз Эберсол (2008-2009-жылдар), атактуу баскетболчу Саша Вуячич (2010-2012-жылдар),болгариялык теннисчи Григор Димитров (2012-2015 жылдар)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!