​Маарага жетип жан берди

​Маарага жетип жан берди
31-Янв. 2018, Шаршемби, 12:05

Орусиялык лыжа жарышчысы Андрей Шамшурин ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында каза болду. “Masters World Cup 2018” лыжа марафону АКШнын Миннесота штатныда 29-январда өткөн. «Лыжа спортту» журналынын маалыматына караганда 54 жаштагы орусиялык спортчу дээрлик маарага жетип калган. Лыжа жарышына 30 жаштан жогорку бардык разряддагы спортчулар катышкан. Орусиялык лыжа жарышчысы Андрей Шамшурин болсо 40 километрдик дистанцияда жарышып жаткан.

Спортчунун өлүмү азырынча тактала элек. Учурда анын денесин мекенине алып келүү иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!