Паралимпиадачылардан Орусияга байкот

Паралимпиадачылардан Орусияга байкот
31-Янв. 2018, Шаршемби, 15:06

Германиянын паралимпиадачылары олимпиадада Орусияга байкот жарыялайт. Бул тууралуу немистердин лыжа боюнча машыктыруучу Ральф Ромбах билдирди. “Sportschau” басылмасынын маалыматына караганда алар Орусиянын спортчулары Паралимпиадага катышса, анда алар старттан баш тартмакчы. Германиянын лыжа боюнча машыктыруучу Ральф Ромбах “-Биз эч кандай Эл аралык паралимпиадалык комитетке таасир бере албайбыз. Бирок орус спортчулар катыша турган болсо биз байкот кылабыз” деди

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага 2 900 спортчу катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!