​Неймар «Барселонаны» сотко берди

​Неймар «Барселонаны» сотко берди
2-Фев. 2018, Жума, 10:57

Бразилиялык футболчу жана француздардын “ПСЖ” клубунун чабуулчусу Неймар "Барселона" футболдук клубун сотко берди. Бул тууралуу “Sports.ru” сайтты жазып чыкты. Маалыматка ылайык Неймар каталондук “Барселона" футболдук клубу 30 миллион евро төлөбөй жаткандыгын айтууда. Бул каражат испан клубунун 2016-жылы Неймар менен түзгөн келишим боюнча убадаланган бонусу болуп саналат. Келишим боюнча каражаттын экинчи жарымы төлөнбөй калган. Себеби Неймар француздардын “ПСЖ” командасына өтүп кеткен.

Ал эми "Барселона" футболдук клубунун юристери Неймардын бир тараптуу келишимди токтотуп, "ПСЖ" клубуна өтүп кеткендигине байланыштуу бонуст төлөнбөй тургандыгын билдиришкен. Ошондуктар алар Неймардын айынан 75 миллион евро чыгым тарткандыгы үчүн тосмо доо арыз жазышкан.

9-январда спорт изилдөө борбору (CIES) 25 жаштагы Неймарды 213 миллион еврого баалап, дүйнөнүн эң баалуу футболчу деп атаган.

Эсиңиздерге сала кетсек “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы августь айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!