Ачылышта Ким Чен Ын жана Трамп көрүндү (видео)

Ачылышта Ким Чен Ын жана Трамп көрүндү (видео)
10-Фев. 2018, Ишемби, 12:19

Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдагы XXIII кышкы Олимпиаданын ачылыш аземинде Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана АКШнын президенти Дональд Трамп дагы катышты. Бирок, көрүүчүлөрдү дүрбөлөңгө салгандар эки лидердин окшоштору болуп чыкты. Адегенде кышкы олимпиаданы Түштүк Кореянын президенти Ким Ен Нам ачкан. Андан кийин эле эл аралап жүргөн эки лидерди көрүшкөн. Эки лидердин окшоштору элдин көңүлүн буруп,кол чабышып жада калса басма сөзгө маек курганга да жетишишкен.

Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Түштүк жана Түндүк Корея бир желекке биригип чыгышты. Ал эми жалпысынан Түндүк Кореядан 22 спортчу катышууда. Спортчулар лыжа жарышы, тоо лыжа жарышы, көркөм муз тебүү жана аялдардын хоккейи боюнча ат салышат

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага 2 900 спортчу катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!