Эркекче кийинип футбол көрдү

Эркекче кийинип футбол көрдү
14-Фев. 2018, Шаршемби, 12:56

Ирандык футбол күйөрманы Шабнам айым футбол беттешүүсүн көрүү үчүн эркекче кийинип алган. Бул тууралуу Al-Monitor басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык Ахваз шаарынын тургуну ушунчалык футболду жакшы көрөт бирок ал өлкөсүндө аялзатына футбол мелдештерине барууга тыюу салынгандыгын айткан.

Шабдам “Акырында мен бир күнгө эркекче кийинип, кыялымдагы футбол беттешүүсүн көрүп келүүнү чечтим. Тырмактарымды алып, такма чач жана мурут тагынып стадионго бардым”,- деди

Иранда айымдар футбол беттешүүлөрүн эркин көрүү үчүн күрөшүп келет. Алгачкы акция 2005-жылы болгон. Ал учурдагы өлкө президенти Махмуд Ахмадинежад убада бергени менен диний нормаларга туура келбегендигинен тыюу салуу күчүндө калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!