Хабиб: “Фергюсон менен согушка чыккандай чыгам” (видео)

Хабиб: “Фергюсон менен согушка чыккандай чыгам” (видео)
14-Фев. 2018, Шаршемби, 15:45

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын жеңил салмактагы убактылуу чемпиону америкалык Тони Фергюсон менен кашык каны калгыча мушташа тургандыгын билдирди.

Хабиб Нурмагомедов “Мен ринге согушка чыккандай чыгам. Мунун башка жолу жок. Бул мушташ кимдин ким экедигин аныктайт. Мен көп нерселерди айта бербейм. Анда муштуш кызыксыз болуп калат. Учурда машыгууда жүрөм. Каршылашаар күндү чыдамсыздык менен күтүп жатам”,- деп айтты.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсон 7-апрелде Нью-Йорк шаарында титул үчүн беттешээрин UFCнын президенти Дэйна Уайт билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек, россиялык мушкер менен америкалык Тони Фергюсондун ортосунда 3 жолу беттешүү белгиленип, бирок кийинкиге жылдырылган. 2017-жылы 5-мартта белгиленген беттешүү Хабиб Нурмагомедов жарат алганына байланыштуу болбой калган. Экинчи жолу Тони Фергюсондун саламаттыгынан улам кийинкиге жылдырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!