​Алина Кабаева кызы менен интернетти жарды

​Алина Кабаева кызы менен интернетти жарды
22-Фев. 2018, Бейшемби, 12:52

Орусиялык атактуу гимнаст Алина Кабаева кичине кыз ээрчитип келип Москвада өткөн көркөм гимнастика боюнча чемпионат Кубогуна катышты. Атактуу спортчунун кичинекей кыз менен түшкөн сүрөтү социалдык түйүндөрдө эң көп мактоо жана жакшы пикирлерди жарата алды. Айрыкча кызды ээрчитип алгандыгын бардык жаштар үчүн абдан сонун үлгү катары баалашты. Миллионго жеткен жактыруулар арасында “Келечектеги биздин кичинекей спортчубуз”, “Атактуу мини гимнаст келатат”, “Алина биздин сулуубуз” жана “Аккан арыктан суу агат” маанисиндеги жакшы пикирлер жазылган.

Ал эми көркөм гимнастика боюнча чемпионат Кубогунда биринчи орунду орусиялык Дина Аверина багындырды. Ал эми экинчи орунга эгиз кыздар Ариналар татыктуу болушту.

Эсиңиздерге сала кетсек орусиялык атактуу гимнаст, "Сидней-2000" Олимпиадасында коло жана "Афины-2004" Олимпиадасында алтын медалга ээ болгон, 2 жолку Дүйнө, Европа чемпиондугунун 5 жолку абсолюттук чемпиону, Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери наамына татыган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!