“Реал" - "ПСЖ": Бул оюнду качырба!

“Реал
6-Март 2018, Шейшемби, 14:15

“Реал Мадрид” менен француздардын "Пари Сен-Жермен" командасы Лига чемпиондугунун 1/8 финалдык экинчи беттешүүсү бүгүн Париж шаарындагы «Парк де Пренс» стадионунда өтөт (Москва убактысы 22.45). Сөзсүз түрдө эки команда тең Европанын башкы фаворит клубдары болуп саналат.

Мурда командалар жалпысынын сегиз жолу футбол талаасына чыккан. Клубдардын ар биринде үчтөн жеңиши бар. Эки жолу тең болушкан. Ал эми Чемпиондор лигасынын быйылкы сезонунда “Реал” 3:1 эсеби менен “ПСЖ” командасын жеңип чыккан. Бул жолку беттешүүдө француздардын "Пари Сен-Жермен" командасы фаворит оюнчусу Неймар катышпайт. Ал жарат алып, узак убакытка футбол талаасына чыкпайт.

Букмекердик компаниялардын болжолу боюнча француздардын "Пари Сен-Жермен" командасынын шансы көбүрөөк. bwin букмекердик компаниясы “ПСЖ” командасына берилген коэффициент -2,1. Ал эми “Реалга” 3,1 коэффициент беришүүдө.

Сизче кайсы команда жеңишке жетишет?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!