​Филиппин легендасы катуу таарынды

​Филиппин легендасы катуу таарынды
7-Март 2018, Шаршемби, 16:29

Филиппиндик мушкер, сегиз салмак боюнча дүйнө чемпиону Мэнни Пакьяо 14-апрель күнү ринге чыкпайт. Бул тууралуу sports.ru сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык атактуу мушкер мурдагы дүйнө чемпиону Майк Альварадо менен Лас-Вегаста ринге чыгаары жарыяланган эле.

Бирок мушташ алдына коюлган (андеркард) америкалык Теренс Кроуфорд жана австралиялык Джеффа Хорна беттешүүсүн филиппиндик мушкердин командасы туура көрүшкөн жок жана легендарлуу дүйнө чемпионуМэнни Пакьяону басынтуу катары баалашты. Филиппин сенатындагы легендарлуу мушкердин өкүлү Зонио Аквилеса ачылыштагы андеркард мушташынуят экендигин белгилеген.

Учурда мушкер эки тизгин бир чылбырды бирге алып келүүдө. Ал Филиппин 2016-жылдан бери Филиппин парламентинин жогорку палатасынын сенатору жана муну менен бирге профессионалдык ринге чыгууну улантып келатат.

Эсиңиздерге сала кетсек Мэнни Пакьяо профессионалдык рингде 59 жеңиш болсо, анын ичинде 7 жолу жеңилген. Соңку таймашын быйылкы жылы 2-июлда Австралияда өткөргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!