​Арабияда алгачкы ирет аялдар марафонго катышты

​Арабияда алгачкы ирет аялдар марафонго катышты
8-Март 2018, Бейшемби, 03:07

Сауд Арабиядатарыхта биринчи жолу аялдар марафонго катышты. Бул тууралуу “Sports.ru” сайты билдирүүдө. Маалыматка ылайык өлкөнүн чыгыш тарабындагы Эль-Ахса аймагында өткөн жарышка 1,5 миңден ашык аял заты катышкан. Айрыкча бул жарыштын катышуучулары салттуу ислам кийимдери менен жүгүрүшкөн. Бул марафондун максаты жүгүрүүнү үгүттөө жана Сауд Арабиядачың ден соолуктуу жашоо образын жайылтуу болуп саналат. Спорт жарышы спорт боюнча башкы башкармалыгы жана жергиликтүү администрация, ишкерлердин көмөгү менен ишке ашырылган. Кийинки марафон Меккеде 2018-жылы 6-апрелде уюштуруу пландалып жатат.

Эсиңиздерге сала кетсек2015-жылы бийликке келген Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд падышасы аялдарга көп укуктарды берген. Алардын арасында аялдар өз алдынча автоунаа айдай алышат. Мындан тышкары ресторан жана кинотеатрга барышып, мамлекеттик мектептеги кыздар спорт менен машыга алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!