13 жашында дүйнөлүк рекорд койду (видео)

13 жашында дүйнөлүк рекорд койду (видео)
12-Март 2018, Дүйшөмбү, 13:47

Орусиялык 13 жашындагы спортчу Александра Трусова Софияда өткөн көркөм муз тебүү боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионатта дүйнөлүк рекорд койду. Жаш спортчу төрт ирет бийиктикке секирик жасады. Мындай техникалык программа чоңдор арасында дагы сейрек кездешет. Бул ийгилиги менен Александра Трусова көркөм муз тебүү тарыхында калды. Жыйынтыгында калыстар тобу эң жогорку 225,52 упай беришти. Экинчи орунду орусиялык Алена Косторная 207,39 упай менен күмүш медалды алды, коло медалга жапониялык Мако Ямаситы 195,17 упай менен татыктуу болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!