​Хабиб:“Фергюсонге каршы мушташ UFC тарыхында калат”

​Хабиб:“Фергюсонге каршы мушташ UFC тарыхында калат”
13-Март 2018, Шейшемби, 12:45

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов жеңил салмактагы убактылуу чемпион, америкалык Тони Фергюсонменен болгон мушташ UFC тарыхындаэң маанилүү экендигин билдирди.

“Жылдын мушташына төрт жума убакыт калды. Алдымда олуттуу каршылашым жана чемпион турат. Он жеңиштүү серияга каршы тогуз жеңиш сериясы. UFC акыркы 25 жыл ичинде мындай эң маанилүү беттешүүнү уюштурган эмес”

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсон 7-апрелде Нью-Йорк шаарында титул үчүн беттешет.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык мушкер менен америкалык Тони Фергюсондун ортосунда 3 жолу беттешүү белгиленип, бирок кийинкиге жылдырылган. 2017-жылы 5-мартта белгиленген беттешүү Хабиб Нурмагомедов жарат алганына байланыштуу болбой калган. Экинчи жолу Тони Фергюсондун саламаттыгынан улам кийинкиге жылдырылган.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири, 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 25 мушташта 25 жеңүү менен жыйынталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!