Месси: “Улуттук командадан кетем”

Месси: “Улуттук командадан кетем”
20-Март 2018, Шейшемби, 12:21

Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси эгерде Орусияда өтө турган дүйнөлүк футбол чемпионатында жеңишке жетишпесек, анда Аргентинаулуттук курама тайпасынан кетээрин билдирди. Бул тууралуу атактуу футболчу тв программасына катышып, алдыдагы 2018-жылдагы дүйнө чемпионаты тууралуу ойлору менен бөлүшкөндүгүн .'haberler.com" сайты жазып чыкты.

Аргентиналык атактуу футболчу " Мен көп жолу финалда утулуп калып ыйлаган учурларым болгон. Анткени, биз үчүн алардын мааниси бийик болчу. Биз болсо Аргентинанын кыялын ишке ашыра албай калганбыз. Мурдагы 3 жолу финалда жеңбей калганыбыз чоң сокку болгон. Азыр биз чемпиондук наамды жеңип албасак, анда бул муундун башка эч бир мүмкүнчүлүгү болбойт “ деди. Муну менен атактуу футболчу улуттук командадан кете тургандыгынын белгилеп кетти.

Месси “ Мен алдыдагы чемпионаттакубокту биз көтөрө турганыбызга ишенем. Мен муну дайыма кыялданып келатам. Азыркыкомандам менен 2014-жылдагы тажрыйбабызга таянып, ийгиликке жетишебиз. Бул чемпионаттын айырмасы кубокту биз көтөрөбүз” деди

Эсиңиздерге сала кетсек, Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси Лионель Месси 2016-17-жылдар ичинде 37 гол киргизип, алдыга чыккан. Эки жыл бою удаасы менен "Барселона" чабуулчусу эң алдыңкы жыйынтыктарга жетишип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!