Сулуу кыз Криштиану Роналдуну сотко берди

Сулуу кыз Криштиану Роналдуну сотко берди
24-Март 2018, Ишемби, 11:49

“Реа́л Мадри́д” клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналдуну Бразилиянын “Мисс бум-бум” конкурсунун жеңүүчүсү Эрика Канела сотко берди. Бул тууралуу “The Sun” гезити жазып чыкты. Маалыматка ылайык сулуу кызатактуу футболчудан ар кандай СМС билдирүүлөрдү алгандыгы айтылган. Бул билдирүүлөрдө Эрика жеңил ойлуу жана анын моделдик жашоосун талкалай тургандыгы жазылган. Мындай коркутуп-үркүткөн билдирүүлөр кызды шок абалына алып келген.

“Мен учурда бул коркутууларды өзү жаздыбы же анын атынан бирөөлөр жөнөттүп жатабы билбейм. Бул билдирүүлөрдөн кийин тамактана албай, жашоомдун тынчтыгы кетти ” деп билдирген атактуу модел кыз.

“The Sun” басылмасы Канеламенен Роналду бир топ убакыт романтикалык мамиледе болгондугун жазып чыкты. Ал эми «Мисс бум-бум» сулуусуна атактуу футболчу кызы бар экендигин айткан эмес жана бул окуя боюнча өз пикирин билгизе элек.

Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реа́л Мадри́д» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келатат. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Суперкубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Өткөн айда португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын ээси болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!