​Мэйуэзер MMAнын лицензиясын алат

​Мэйуэзер MMAнын лицензиясын алат
26-Март 2018, Дүйшөмбү, 11:05

Мурдагы бокс боюнча америкалык чемпион Флойд Мэйуэзер ММАнын лицензиясын алууга документтерин өткөрдү. Бул тууралуу мушкер батыштын басма сөздөрүнө өзү билдирген. Ал “Баардыгына убакыт керек. Биз лицензия алууга документтерин өткөрдүк. Эми ММАнын таймаштарына катыша алабыз” деди. Мушкер так мөөнөттүн көргөзгөнү менен жакынкы аралыкта болоору айтылууда.

41 жаштагы мушкер мындан тышкары ММАда машыктыруу иштерин баштагандыгын айткан. Ага аралаш мушташ үчүн бери дегенде 6-8 ай убакыт даярдануусу керек.

Эсиңиздерге сала кетсек 2015-жылы беш салмак категориясында дүйнө чемпиону рингден кеткендигин жарыя кылган. Бирок кайрадан соңку беттешүүсүн Конор Макгрегор менен 2017-жылы августь айында өткөргөн. Флойд Мейвезер менен эрежесиз уруш боюнча UFC уюмунун чемпиону Конор Макгрегордун беттеши «Кылымдын беттеши» болгон. АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн бул беттеште Мейвезер атаандашын 10-раундда техникалык нокаутка кетирип, жеңишке жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!