​Орусия кайрадан жеңилди: 3:1

​Орусия кайрадан жеңилди: 3:1
28-Март 2018, Шаршемби, 01:47

Франциянын курама командасы Орусиянын улуттук командасы менен болгон жолдоштук беттешүүдө 3:1 эсебинде жеңип чыкты. “Санкт-Петербург” стадионунда өткөн мелдештин биринчи таймында Килиан Мбаппе гол киргизип эсепти ачты. Экинчи голду болсо «Манчестер Юнайтед» клубунун коргоочусу Поль Погба киргизген. Үчүнчү жыйынтыктоочу голду экинчи жарымынын башында кайрадан Килиан Мбаппе ишке ашырган.

Ал эми Орусияны Фёдор Смолов 68- мүнөттө 1 гол менен айырмалап берди.

Дүйнө футбол чемпионаты даярдык алкагында орусиянын кийинки жолдоштук футбол матчыАвстрия(30-май) жана Түркия( 5-июнда) болуп өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!