Роналду тууралуу видео интернетти жарды (видео)

Роналду тууралуу видео интернетти жарды (видео)
28-Март 2018, Шаршемби, 12:17

Португалия менен Голландия курама командаларынын жолдоштук беттешүүсүндө футбол талаасына чуркап чыккан ышкыбоздор атактуу футбол жылдызы Криштиану Роналду менен сүрөткө гана түшпөстөн, өөп жиберүүгө да үлгүрүштү. Мындай олдоксон көрүнүш интернетте катуу талкууга түшүүдө. Футбол талаасына бир канча көрүүчү чуркап чыккандыгына байланыштуу оюнду токтотууга туура келген.

Алардын арасынын бир ышкыбыз португалиялык форвар Криштиану Роналду менен селфи түшүп жатса, экинчиси атактуу футболчунун кучактап, өөп жиберүүгө жетишкен. Аркасынын чуркап келген кыз жетишпей калды себеби коопсуздук кызматкерлери аны тоскоол болууга үлгүрүштү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!