​“Хан Манас” эл аралык мелдеши өтөт

​“Хан Манас” эл аралык мелдеши өтөт
14-Дек. 2017, Бейшемби, 13:33

Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы-конушундагы “Газпром" ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия спорт комплексинде 16-17-декабрда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу сегиз мамлекеттин спортчуларынын катышуусундагы “Хан Манас” аталышындагы эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат кызматынан билдиришти.

“Мелдеш быйыл сегизинчи жолу өтүп жатат. Жылдан жылга катышуучулардын географиясы өсүп жатканы кубандырат. Келечекте мелдешти дүйнө кубогунун статусуна жеткирүү тилегибиз бар”, - деди “Кыргыз эл” коомдук бирикмесинин төрагасы Сейтек Дүйшөналиев.

“Акыркы эки мелдеште казакстандык спортчулар жеңүүчү болгон жайы бар. Бирок быйыл кубокту кыргызстандык спортчулар жеңет деген ойдобуз”, - деп кошумчалады КР улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев.

Эскерте кетсек, мелдештин негизги өзгөчөлүгү жеңүүчү кошуунга ыйгарыла турган кубоктун ар жылы өзгөчө дизайнда даярдалгандыгында. Быйыл да бул салт сакталып Манасты колдоп жүргөн ажыдаар жана канаттуу кабыландын образы чагылдырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!