Бокс боюнча эл аралык мелдеш аяктады

Бокс боюнча эл аралык мелдеш аяктады
6-Фев. 2018, Шейшемби, 10:42

4-февралда, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеште төмөнкү мамлекеттер күч сынашты:

Россия - 1 кошуун – Москва облусу;

Өзбекстан - 2 кошуун – курама кошуун жана Наманган шаарынын кошууну;

Таджикстан - 1 кошуун- Тажикстандын курама кошууну;

Казакстан - 5 кошуун - Алматы, Караганда, Тараз, Шымкент шаарлары жана Алмата облусу;

Кыргызстан - Бишкек жана Ош шаарлары, 6 облус, Ш. Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайы жана КР улуттук курама кошууну.

Катышуучулардын жалпы саны - 146 мушкер:

Эркектер - 139 катышуучу;

Айымдар - 7 катышуучу.

Айымдар арасында эки салмактык категория боюнча медалдар ойнотулса, эркектер арасында он салмактык категория боюнча мушташтар жүрдү. Жыйынтыгында жергиликтүү спортчулар 7 алтын, 8 күмүш жана 10 коло медалдын ээси болду.

Ал эми мелдештин мыкты мушкери наамы 64 кг чен бирдигинде күч сынашкан Бек Камчыбековго ыйгарылды. Ошондой эле мелдештин мыкты калысы деп Мукаш Ырсалиев аталса, мыкты машыктыруучу Жылдызбек Ниязалиев болду.

Мелдешти 30 калыс тейлесе, анын ичинен:

АИБАнын ЭК калысы -12

УК калыстар - 15

1 категориядагы калыстар - 3

Эскерте кетсек мелдешти Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция жана КР бокс федерациясы биргеликте уюштурган. Дирекциянын бюджетинен 1 млн. 192 миң сом каралган.

Финалдык беттештин жуптарын, жеңүүүлөр жана байге орун ээлеринин тизмесин бул жерден көчүрүп алсаңыздар болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!