Ата Мекенди коргоо күнүнө карата волейбол болду

Ата Мекенди коргоо күнүнө карата волейбол болду
16-Фев. 2018, Жума, 09:34

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-юридикалык факультетинде тайпалар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштуруп, ал алдыдагы Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналды. Алты команданын ортосундагы спорттук таймаштын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар ыйгарылды. Бул тууралуу окуу жайынын ректоратынан билдиришти.

Экономикалык-юридикалык факултетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Эмиль Төлөновдун айтымында, бул мелдештерге жалаң гана жигиттер катышышты.

"Спорт - ден соолуктун булагы, андыктан жаштарга бир гана билим берүү менен чектелбей, спортко да тиешелүү деңгээлде көңүл буруп келебиз. Анан калса, мелдештер Ата Мекенди коргоочулар күнүнө багышталып, жаштарда мекенчилдик сезимин бекемдөөгө да аракет кылдык. Бул таймашта мыктылардын мыктысы аныкталып, жеңүүчүлөргө дипломдор ыйгарылды", - дейт ал.

Эскерте кетсек, ЖАМУнун ректораты тарабынан алдыдагы аялдардын эл аралык майрамына карата жана “Ноорузга” карата ушундай эле спорттук оюндары уюштурулмакчы.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!