Алыш күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Алыш күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт
21-Фев. 2018, Шаршемби, 12:48

5-6-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда алыш күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Чемпионатка республиканын жети облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан спортчулар катышат. Мелдеш кыз-келиндер жана эркектер арасында Эл аралык күрөш федерациясынын эрежелери менен өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, аталган чемпионат III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына биринчи тандоо туру болуп эсептелет. Оюндар 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт.

Мелдештер алты салмак категорияда өтөт:

Эркин түрүндө эркектер арасында (60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, 100 кг жогору) жана кыз-келиндер арасында (55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, 75 кг жогору);

Классикалык түрүндө эркектер арасында (60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, 100 кг жогору) жана кыз-келиндер арасында (55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, 75 кг жогору).

Кыргыз Республикасынын чемпионатынын уюштуруучусу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы. Мелдешти уюштурууга дирекциянын бюджетинен 158 миң сом бөлүнгөн.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!