Кыргыз спортчулары пенчак силет боюнча эки медаль утту

Кыргыз спортчулары пенчак силет боюнча эки медаль утту
28-Апр. 2018, Ишемби, 16:09

Кыргызстандын курамасы пенчак силет боюнча Таиландда өткөн дүйнө чемпионатында 2 коло медаль утту. Бул тууралуу КРнын аталган спорттун түрү боюнча федерациясынын президенти Каныбек Бикбоев кабарлады.

Анын айтымында, Кыргызстандын атынан өлкөнүн жергиликтүү мелдештеринде жеңишке жеткен 9 спортчу барган.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрү Жакартада (Индонезия) 18-августан 2-сентябрга чейин боло турган Азия оюндарына катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!