Айсулуу Тыныбекова мыктылардын катарына кирди

Айсулуу Тыныбекова мыктылардын катарына кирди
7-Июнь 2017, Шаршемби

Бириккен күрөш дүйнөсү уюму (United World Wrestling) дүйнөдөгү мыкты балбандарынын кезектеги рейтингин кечээ, 6-июнда жарыялады. Аталган рейтингде кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова бир сапка жогорулап, дүйнөнүн үч мыкты күрөшчүсүнүн катарына кирди.

Эскерте кетсек, Тыныбекова май айында өткөн Азия чемпиондугунда (Нью-Дели, Индия) жана Ислам Шериктештиги оюндарында (Баку, Азербайжан) 58 килограммга чейинки салмактагылар арасында алтын медалга ээ болгон. Мындан улам спортчунун 4-катардан 3-тепкичке жогорулоосуна өбөлгө болгон.

Ошондой эле рейтингдин сап башында төрт жолку Олимпиада чемпиону япониялык Каори Ичо турат. Экинчи орунда Африка чемпиону тунистик Марва Амри жайгашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!