Шевченко менен Нуньестин беттеше турган күнү белгилүү болду

Шевченко менен Нуньестин беттеше турган күнү белгилүү болду
21-Июль 2017, Жума

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен бразилиялык Аманда Нуньестин беттешүүсү 9-сентябрда Канадада болот. Бул тууралуу “UFCнин” «ВКонтактыдагы» расмий группасы билдирди.

Таймаш “UFC 215” тин алкагында өтөт. Бул мушкер айымдар 61 кг чейинки кыз-келиндер арасында чемпиондук кур үчүн күч сынашат.

“Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин беттешүүсүнүн так күнүн, убактысын бекитти», - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 9-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында Шевченко менен Нуньестин таймашы болбой калган. Ага Нуньестин өзүн жакшы сезбей жатканын айтып, беттештен баш тартканы себеп болгон. Кийинчэрээк Шевченко социалдык тармактагы баракчасына: «Аманда Нуньске медициналык комиссия беттешке чыгууга уруксат берди, бирок ал андан баш тартып койду. Чемпиондук титул үчүн беттешпей калганыбыз өкүнүчтүү, бирок даярдык көрүүнү токтотпостон UFC турнириндеги беттештин жаңы белгилене турган күнүн күтөм»,- деп жазып калтырган.

Эки мушкек айым жөнүндө айта кетсек:

29 жаштагы бразиялык Аманда Нуньест жалпы 18 таймаш өткөрүп, 14 жолу жеңишке жетип жана 4 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми анын каршылашы 29 жаштагы Шевченко болсо жалпы 16 таймаш өткөргөн. Анын 14дө жеңишке жетип, 2 жолу утулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!