Балбандар күрөш боюнча дүйнө чемпионуна катышат

Балбандар күрөш боюнча дүйнө чемпионуна катышат
28-Июль 2017, Жума

Кыргызстандык балбандар 1-августа Финляндиянын Тампер шаарында өтө турган күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу КРнын күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, грек-рим жана эркин күрөш боюнча эркектер жана аялдар арасындагы мелдешке 24 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстандан грек-рим күрөшү боюнча 7 спортчу катышмакчы. Мындан тышкары машыктыруучулар дагы барышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!