Роналду үчүн таң калычтуу "Милан" өнүгүүсү

Роналду үчүн таң калычтуу
29-Июль 2017, Ишемби

"Милан" курамасынын башкаруу жана машыктыруу кызматкерлери "Реал Мадрид" клубунун оюнчусу Криштиану Роналдуга кызыгуу көрсөтүп жатат.

“Mirror” гезитинин маалыматына ылайык, азыркы учурда трансферге 200 миллиондон ашуун евро жумшаган “Миландын” жетекчилери Ронуалдунун менеджери Жорж Мендеш менен жолугушту.

Трансфер учурунда 10 футболчуну өзүнө кошуп алган “Милан” командасынын менеджерлери Мендешке “Роналду Реал Мадридден качан бөлүнүүнү пландап жатат?” деген суроо узатканы белгилүү болду.

Бир жагынан алганда, “Реал Мадрид” командасынын машыктыруучусу Зинедин Зидан команданы чачыратууну калабагандыгын, бирок трансфер жабыла турган 31-августка чейин бардык нерсе болушу мүмкүн экендигин билдирген.

Зидан өзүнүн билдирүүсүндө "BBC командада калат деп ойлойм. Бирок, 31-августка чейин эмне болоорун айта албайм ", - деди ал.

Эскерте кетсек, испан прокуратурасы Роналдуну 15 млн. салык төлөөдөн баш тартып жаткандыгын жүйө келтирип, сотко арыз менен кайрылган. Андан кийин Роналду “Реал Мадридди” таштап кетет деген кептер тараган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!