Көк бөрү: кыргызстандыктар 9:0 эсебинде алдыда

Көк бөрү: кыргызстандыктар 9:0 эсебинде алдыда
24-Авг. 2017, Бейшемби

Астана шаарындагы «Казанат» ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн, 24-августта Кыргызстандын көк-бөрү боюнча улуттук курама командасы Тажикстандын көк-бөрү боюнча улуттук курама командасы менен улак тартышып жатат.

Беттештин биринчи бөлүгүндө, кыргызстандык көк-бөрүчүлөр 9:0 эсебинде Тажикстанды жеңип алдыда бара жатат.

Эскерте кетсек, кечээ, кыргызстандык көк-бөрүчүлөр 13:3 эсебинде Түркияны, 11:02 эсебинде өзбекстандык атаандашын, 4:0 эсебинде Монголияны жеңип алышкан.

Маалым болгондой, кыргыз улакчылары "А" тобунда Түркия, АКШ, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстан өлкөлөрү менен күч сынашууда. Бул тобунда Кыргызстан лидер болуп алдыда келе жатат.

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулуп, ага 12 мамлекеттин командалары катышууда. Финалдык таймаш 28-августта болот. Ага Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин катышуусу күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!