Көк-бөрү боюнча финалдык таймаш өтөт

Көк-бөрү боюнча финалдык таймаш өтөт
30-Авг. 2017, Шаршемби

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо КРнын Президентинин көк-Бөрү бөрү боюнча кубогунун жарым финалы күн мурун, 29-августта өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Топтук баскычтын жыйынтыгы боюнча 4 катышуучу: «Мурас» (Талас облусу), «Арашан» (Чүй облусу), «Достук» (Ош облусу), «Биримдик» (Чүй облусу) командалары аныкталды.

Биринчи жарым финалда «Мурас» жана «Арашан» беттешти. Оюн 5:0 эсебинде «Мурастын» пайдасына аяктады.

Экинчи беттеште «Достук» «Биримдикти» 5:1 эсебинде жеңди.

Финал 31-августта өтөт.

Бүгүн, 30-августта 3 жана 4-орун үчүн «Арашан» жана «Биримдик» командалары ойношот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!