Шевченко Нуньестен жеңилип калды

Шевченко Нуньестен жеңилип калды
11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 10:42

Кечээ, 10-сентябрда кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен бразилиялык Аманда Нуньестин UFC 215 турниринин алкагындагы реванш-беттеши өттү. Беттештин жыйынтыгында Шевченко атаандашынан утулуп калды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жазып чыкты.

Бул күнү Шевченко кыз-келиндер арасындагы жеңил салмак боюнча дүйнө чемпиону титулу үчүн кармашкан эле.

Эске сала кетсек, Шевченко менен Нуньестин беттеши 8-июль күнү болмок. Бирок кармашка саналуу сааттар калганда Нуньестин ден соолугу начарлап ооруканага түшкөн эле.

Эки спортчу буга чейин 2016-жылы март айында күч сынашып упайлардын эсеби менен Нунес үч раундда жеңишке жеткен

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!