Кыргыз спортчулары Ашхабадга барды

Кыргыз спортчулары Ашхабадга барды
16-Сен. 2017, Ишемби, 13:25

Кыргызстандык спортчулар 15-сентябрда кечинде Түркмөнстанда жабык аянтта өтө турган V Азия оюндарына катышуу үчүн Ашхабад шаарын келишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчуларды "Манас" эл аралык аэропортунан өкмөт мүчөлөрү узатышкан. Учурда спортчулар жайгашып беттештерге даярдык иштерин көрүп жатышат.


Азия оюндары эртең, 17-сентябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында башталып, 27-сентябрда аяктайт. Анда Кыргызстандын 153 спортчу 17 спорттун түрү менен өлкө намысын коргойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!