Айсулуу Тыныбекова Кыргызстанга жеңиш алып келди

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстанга жеңиш алып келди
26-Сен. 2017, Шейшемби, 12:10

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Түркмөнстандын борборунда өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарынын алкагында байге алып, күмүш медалга ээ болду.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 58 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан. Финалда ал кытайлык атаандашы Пей Сингру менен күрөшүп 1:4 эсебинде уттуруп койду. Чейрек финалда япониялык Акие Ханайды жеңип, андан соң жарым финалда вьетнамдык балбанга туш келип 36 секунддун ичинде жеңишке жетишкен.

Учурда Кыргызстандын эсебинде 59 медаль бар. Алардын ичинен 8 алтын, 18 күмүш жана 33 коло медалдар.

Фото: Sputnik Кыргызстан

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!