​Ашхабад-2017: Кыргызстан 70 медаль менен 8-орунга чыкты

​Ашхабад-2017: Кыргызстан 70 медаль менен 8-орунга чыкты
27-Сен. 2017, Шаршемби, 10:51

Бүгүн, 27-сентябрда Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад шаарында Азия оюндары жыйынтыкталат. Бул мелдеште Азиянын жана Океания өлкөлөрүнөн жалпы 62 мамлекеттин спортчулары күч сынашууда.

Мелдештин расмий сайтында жарыялангандай, 62 мамлекеттин ичинен 36 гана мамлекеттин балбандары өз өлкөсүнө медалдарда алып келишкен.

Азыркы сааттарга алынган маалыматка караганда,

1-орунда: үй ээси болгон Түркмөнстан 244 медаль

2 - орунда: Кытай 93 медаль

3-орунда: Иран 116 медаль

Ал эми Кыргызстандын байге куржунунда 70 медаль бар. Азиянын 62 мамлекетинин ичинен 8-катарда келе жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!