​Ашхабаддагы Азия оюндары жыйынтыкталды

​Ашхабаддагы Азия оюндары жыйынтыкталды
28-Сен. 2017, Бейшемби, 10:00

Ошентип 12 күнгө созулган Түркмөнстандын Ашхабад шаарындагы жабык имараттагы Азия оюндары салтанаттуу түрдө кечээ, 27-сентябрда жыйынтыкталды. Бул мелдешке жалпы 63 мамлекеттин спортчулары катышкан. Анын ичинен Кыргызстан 70 медаль менен 8-орунга ээ болду.

Жалпы оюнга 339 медаль спорттун 21 түрү боюнча ойнотулду. Кыргызстандан 158 спортчу барып, спорттун 16 түрү боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 70 медаль топтоду. Анын 13сы алтын, 20ы күмүш, 37си коло. Бул көрсөткүч менен 63 мамлекеттин ичинен 8-орунга жетише алды.

1-орунда Түркмөнстан-245 медаль (89 алтын, 70 күмүш, 86 коло)

2-орунда Кытай – 97 медаль (42 алтын, 32 күмүш, 23 коло)

3-орунда Иран – 118 медаль (36 алтын, 23 күмүш, 59 коло).

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-сентябрда кыргызстандык спортчулар өлкөгө кайтып келишет. Аларды өкмөт башчы Сапар Исаков тосуп алмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!