Эркин күрөш боюнча VI эл аралык турнир башталды

Эркин күрөш боюнча VI эл аралык турнир башталды
6-Окт. 2017, Жума, 13:55

Бүгүн, 6-октябрда Ош шаарындагы “ Динамо” спорт клубунда СССРдин эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучулары Ахмед, Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналган VI эл аралык эркин күрөш боюнча турнир башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мелдештин расмий ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, Жогорку кеңештин депутаты Искендер Матраимов, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, Абитовдордун жакындары жана спортчулар катышты.

Турнирде Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан, Өзбекстан,Тажикстан жана Россиядан келген 200дөн ашуун спортчулар күч сынашууда.


Мелдештин жеңүүчүлөрүнө, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.


Иш-чара Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!