Футбол: Кыргызстан Мьянма менен беттешет

Футбол: Кыргызстан Мьянма менен беттешет
10-Окт. 2017, Шейшемби, 13:46

Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Мьянма ортосундагы беттеш бүгүн, 10-октябрда өтөт. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, оюн Мьянманын Янгон шаарындагы Thuwunna YTC стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 18:30 башталат.

Кыргызстандын курама командасы учурда оюнга карата даярдык көрүп, Янгон шаарына барды.

Эске сала кетсек, 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Мьянма өлкөсүнүн футболдук беттеши болмок.

Оюнга бир күн калганда Мьянмадагы Ракхайн штатындагы рохинжа мусулмандары менен будда динин туткан бирмалыктардын ортосундагы карама-каршылык күч алганына байланыштуу өкмөт башчы Сапар Исаковдун чечими менен коопсуздукту алдын алуу үчүн футболдук беттеш токтотулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!