Баскетболчулар Монголиядагы беттешке катышат

Баскетболчулар Монголиядагы беттешке катышат
13-Окт. 2017, Жума, 16:42

Кыргызстандын эркектер жана аялдар курамасы баскетбол боюнча Азиянын FIBA кубогуна катышат. Мелдеш 27-29-октябрь күндөрү Монголияда өтөт. Бул тууралуу КР баскетбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш Улан-Батор шаарында болот. FIBA 3x3 Cup Asia 2017 кубогу үчүн аялдардан турган 12 жана эркектерден турган 12 команда ат салышат.

Кыргызстандын аялдар курама командасы D тайпасына болуп, Жаңы Зеландия жана Индиянын курама командалары менен беттешет. Ал эми эркектердин курама командасы Кытай спортчулары менен беттешет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!