Йога боюнча ачык эшиктер күнү өтөт

Йога боюнча ачык эшиктер күнү өтөт
16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 13:56

29-октябрда Бишкектеги Асанбай кичи району 40 дарегинде йога боюнча “Ачык эшик күндөрү” өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын йога федерациясынан билдиришти.

Аталган федерациядан кабарлашкандай, машыгуу Бишкектин мыкты инструкторлору тарабынан таң эртеден кечке чейин өткөрүлмөкчү.

“Биздин залда мыкты йога окутуучулары иштешет. Биз сиздерге ар түрдүү стилдердин, мектептердин ичинен эң жакшысын тандап беребиз. Окутуулар жогорку кесипкөйлүк деңгээлде өтөт, бул иш-чара болушунча пайдалуу жана жемиштүү болот. Бардыгыңыздарды йога менен жакындан таанышууга чакырабыз”, -деп билдиришти федерациядан.

Бардык мастер-класстар акысыз.

Программа:

10:00 Ольга - Хатха-йога

11.00 Рамиля - Каланетика

12.00 Гульзат - Кундалини

13.00-14.00 эс алуу - баарлашуу

14.00 Марина – топ менен йога

15.00 Елена - Fly yoga

16,00 Анна – Аялдар көнүгүүлөрү

17.00 Дарья - Аштанга-виньяса йога

18.00 Ксения - Йога-нидра.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!